«Ойлогон ойду кыстаган турмуш жеңет», демекчи буга чейин Тасма айылында комуз үйрөтүүчү мугалим жок болгондуктан окуучулар комуз үйрөнө албай келишкен, бирок 2014-жылдын ноябрь айында Абдылдаев Санжар өзүнүн өнөрүн окуучулар менен бөлүшүп, » Мөлмөлүм» ийримин иштетип баштады.
Бул тууралуу Санжар Абдылдаев төмөндөгүлөрдү айтат: » Кружокту ачканымдын себеби, азыркы күндө көптөгөн жаңылыктар болуп жатат, ар кандай бийлер ачылып жатат маданият жагынан негизи эле кыргыз элинде жаңылыктар көп. Комуз чертүү, ооз комуз, кылкыяк ар кандай кыргыз элинин аспаптары ойнолуп унутулбай күчтөнүп келе жатат. Бул үчүн мен абдан кубануудамын.
Канча окуучу катышууда?
-Баардыгы жыйырма окуучум бар. Баягы «жакшылыктын эрте кечи жок» дейт эмеспи, менде окуучуларымдын арасында беш мугалим жана каалоочу байкелер бар, мен ал үчүн да кубанам.
Кружокту өнүктүрүү үчүн кандай пландарыңыз бар?
«Кружокту өнүктүрүү үчүн окуучуларымда он беш комуз бар. Дагы менин максатым он беш комуз, он ооз комуз анан беш чопо чоор алып келсемби деп пландап турам. Өзүм билген билимди окуучуларыма калтырып, кыргызымдын нукура фольклор жагын алып чыксам деген ниетим бар.
Кыздарынын шыктуулугун байкаган айыл тургуну Нүргүл Кендирбаева буларды айтат:
Комуз кружогуна жакшы көз караштамын, анткени балдардын кызыгуусуна көз салыш керек. Ата бабаларыбыздан бери келе жаткан аспапты ойноп турса өздөрүнө жакшы.
«Мөлмөлүм» куржогунун катышуучусу Айгерим Кубатбекова:
«Комуз ийримине катышып калганымдын себеби, комуз ата — бабаларыбыздан бери келе аткан аспап, ошондуктан үйрөнүп алайын деп чечтим. Жаңы эле башталгандыгына байланыштуу азыр «Кербезим» күүсүн үйрөнүп жатам. Дагы келечекте көп күүлөрдү үйрөнөм», деди Айгерим
Даярдагандар: Темирбек кызы Бекзада, Нурлан кызы Перизат