Кеңешбек кызы Аделя Ш.Бейшеналиев атындагы орто мектебинин 3-классынын окуучусу. Башталгыч класстар арасында өткөн жаш манасчылар конкурсунда 1- орунду алган. Бүгүнкү Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгына арналган манасчылар сынагында 20 манасчынын ичинен “Жаш манасчы” деп табылды. “Мага “Манас” айткан аябай жакты. Үйдө байкем экөөбуз “Манас” айтабыз. Биринчи конкурста мени Өмуралиева Жыпар эже даярдаган. Мында болсо апам даярдады” — дейт жаш манасчы Кеңешбек кызы Аделя.
Даярдаган: Муратбекова Нурпери