Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептинде Алтын күз майрамы болуп өттү. Ал майрамга окуучулар, жетекчилер, айыл тургундары катышты.
Тилебалды Айбашев атындагы орто мектептин директору Замира Нурдинова:«Бүгүнкү Алтын күз майрамына даярдыктар эң сонун болуп жатат. Биз бул Алтын күз майрамынын бир жылда бир, күз мезгилинде өткөрөбүз.
Анткени бүт түшүмдөр, жер- жемиштер күз мезгилинде бышкандыгы үчүн жыл сайын базар түрүндө өткөрөбүз.
Бул Алтын күзгө 25 класс катышат. 3-класстан баштап 11-класска чейин. Бул Алтын күздү окуучулар чыдамсыздык менен күтүшөт.
Анткени бул жерде базар экономикасы, кантип соода кылыш керек канча сом турат баарын билип. Ал акчаны ар бир класс өздөрүнө керектүүлөрдү алып иштетишет. Айыл тургундары дагын бул Алтын күздү чыдамсыздык менен күтүп соода кылып кетишет»,- деп билдирди мектеп директору Замира Нурдинова.
Тилебалды Айбашев мектебинин биология мугалими Айлар Дарбишова:
«Бүгүнкү Алтын күз майрамына даярдыктар өтө жакшы, окуучулардын ата-энелердин маанайы өтө жакшы. Бүгүнкү Алтын күз майрамына окуучулар толугу менен өтө активдүүлүгүн көрсөтүп жатышат. Жада калса ата-энелер да активдүүлүгүн көрсөтүп, балдарды бүгүнкү Алтын күз майрамына өтө жакшы даярдыктар менен жөнөтүшкөн. Бүгүнкү иш- чаранын максаты Алтын күз майрамында балдардын чыгармачылыгын ошол эле учурда алардын турмушка, жашоого тарбиялоо болуп эсептелет. Менин классым 5-б класс алар дагы өздөрүнүн жакшы жактарын көрсөтүп жакшы ийгиликтерге жетип жатышат. Бүгүнкү Алтын күз майрамына окуучулар жүзгө жакын мөмө жемиш алып келишти»,- деп билдирди мугалими Айлар Дарбишова.
Т. Кулатов айыл тургуну Каныкей Камбарова “Айбашев мектебине Алтын күз майрамына келип окуучулардын стакан мөмө жемиштерин базар баасынан кыйла төмөн баада сатып алып жатабыз. Окуучулардын маанайы өтө жакшы»,- деп билдирди айыл тургуну Каныкей Камбарова.
Жумагүл Көчкөнбаева