Тоң районунун РИИБдин кызматкерлери 13жаштагы Сыймык Акылбек уулун издеп жатат. Ал 2004-жылы 3-февралда Кара-Талаа айылында туулган.Учурда 5-классынын окуучусу.

Сыймык 18-декабрь күнү саат 18:00 чамасында үйүнөн дептер сатып алуу үчүн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча кайра кайрылып барган эмес.
Кийген кийимдери; башында кара-кызыл сызыгы бар топу, үстүндө жашыл-көк түстөгү толстовка, кара түстөгү шым жана бут кийим.
Сыймык Акылбек уулун көргөн же билгендер болсо; 03497 91 3 42,0700 72 97 29,0552 72 97 29 (РИИБдин кызматкерлери)
Даярдаган: Үмүтай Аттокурова