Тогуз-Торо районундагы Сатыбалдиев орто мектебинде так жана табигый сабактар бирикмеси болуп өттү. Бул тууралуу окуу, тарбия иштери боюнча директордун орун басары Миргүл Какаева билдирди.
Семинар райондук дэңгээлде өткөрүлүп, Тогуз-Торо районунун 13 мектебинен математика, физика, химия, биология предметтери боюнча мугалимдер келип катышышты.
Иш-чаранын жүрүшүндө 2-класстын окуучулары “Сиз кетирген жаңылыштыкты, мен кайталабайын” деген темада сценка көрсөтүштү.
Химия предмети боюнча Турарбек кызы Кайыркул, математика мугалими А.Турсуналиева, биология предмети Ж.Молдобаева, физика мугалими Солдатбек кызы Чолпондор ачык сабактарды өтүп беришти.
“Жакшы окуп, жакшы жүрүшүм, элиме кошкон үлүшүм” деген темада чогулуш болуп өттү. Анын жүрүшүндө 2-класс “Сейтек” кошунуна, 5-класс “Семетей” кошунуна, 9-класс “Манас” кошунун катарына ант берүү менен кабыл алынышты.
Математика ийрими боюнча М.Какаеванын даярдоосунда “Боз үйдөгү геометрия” аттуу математика кружогунун катышуучуларынын окуучулары менен даярдалган кече болуп өттү.
Жыйынтыгында райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Б.С.Иманбердиев, жетектөөчү адис А.Шерматов жана мугалимдер семинардын жүрүшү боюнча өз ойлорун билдиришип, семинар замандын талабына ылайык өткөндүгүн белгилеп айтышты.
Катышуучулар да бул семинардан көптөгөн жакшы нерселерди алгандыгын айтып өтүштү.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова