Ак-Талаа районундагы Шүкүрбек Бейшеналиев орто мектебинде окуучулар арасында предметтик олимпиаданын 2-туру өтүүдө. Ага өрөөндөрдө өткөрүлгөн олимпиаданын 1-турунан алдыңкы орунду жеңип алган 120 окуучу катышууда.
Райондук билим берүү бөлүмүнүн адистери окуучуларга жана комиссия мүчөлөрүнө олимпиаданын өтүү жол-жоболору боюнча түшүндүрмө беришти.
Ак-Талаа райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Каныбек Эсеналиев:
— Бут тосуу болбосун. Тааныш-билиш кылбаңыздар. Күчтүүнүн күчтүүсү чыксын. Бүгүн акылдуу, чыгармачыл, күчтүү, ар тараптуу окуучулар жеңет деп ишенебиз. Биз ар дайым күчтүүлөрдү колдоого даярбыз.
Учурда өтүп жаткан олимпиаданын бир өзгөчөлүгү — мурда 1-орунду гана алган окуучу райондук турга катышууга мүмкүндүк алып келсе, бул жолу жаңы жобо боюнча биринчи жана экинчи орунду камсыз кылган окуучулар олимпиаданын бардык: райондук, облустук жана республикалык туруна катыша алышат. Комиссиянын курамы олимпиадага катышуучу окуучусу жок мектептин мугалимдерибинен түзүлдү.
Даярдаган: Г. Мамытбекова