Талас шаарындагы жаштардын курамынан түзүлгөн «Айкөл» уюум “Бий сахнасынын хандары” аттуу сынак жарыялашып, учурда финалы өтүп жатат.
Аталган уюумдун мүчөсү Сайкал Алымбекова:
— Чындыгында эле азыр бардык жаштар жаман жакка кызыгуу менен калыптанууда. Негизинен эле биздин максатыбыз — жаштарды жакшы жакка үндөп, азыркы ар кандай алаксытуучу компьютер оюндарынан алыстатуу, же көчө таптап жүргөн жаштарды кызыктыруу. Албетте, жакшы же жаман болуу ар адамдын колунда, бирок аны курчаган чөйрөнүн да таасири тийиши мумкун. Биз буга чейин да көптөгөн иш чараларды, жыйындарды өтөрүп келгенбиз. Бүгүнкү иш чарага мектеп окуучуларынан түзүлгөн топтор жана бий топтору катышты. Бул бий топтору үч жолу сынактан өтүшөт. Сынактын жеңүүчүлөрү 15 миң сом баш байге алышат. Алдыда ушундай сынактарды уюуштуруу максатыбыз бар.
Бий сынагынын катышуучусу:
— Мен негизинен бул сынакта “MDclub” тобу менен катышам. Өзүм бийге абдан кызыгам. Албетте азыр абдан толкунданып, башкача сезимдер болуп жатат. Мен үчүн финалга чейин жетүү чоң сыймык.
Даярдаган: Толгонай Тимурова