Жайыл районунун Ставропол айылында АРИСтин катышуусу менен 2017-жылы жаңы фельдшерлик акушерлик жайдын (ФАП) имараты курулган. Мурда ФАП айыл өкмөтүнүн имаратынын ичинде болуп, медайымдын иштешине жана оорулууларга бир топ ыңгайсыздык жаратып келген.
Айыл тургундарынын, Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жана АРИС тин кызматкерлеринин катышуусу менен айылга ФАП тын имаратынын курулуш долбоору ишке ашты.
Мына ушул ФАПтын курулушуна Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы Насипа Дженбаева жана кызматкерлеринин, Ставропол айылынын тургундарынын салымы зор.
ФАПта 22 жылдан бери Ставропол айылынын тургуну Чынара Шакирова медайым болуп иштеп келе жатат.
ФАПтын иши, жаңы имарат кандай болуп салынгандыгы тууралуу, анын ичиндеги кааналар тууралу Чынара Шакирова айтып берди:
«ФАПта фельдшердин кабинети, процедуралык кабинет, наристелерди кабыл алуучу кабинет жана дааратканасы бар, кире бериши кенен. Жаңы имараттын салынышы ФАП тын иштешине бир топ жеңилдиктерди алып келди, ысык жана муздак суу бардык кабинеттерде бар».
Имараттын ичиндеги бөлмөлөр кенен, ичи жарык, медайымдын иштешине абдан ыңгайлуу болуп салынган.
Даярдаган: Бейшенбекова Гүлзаада, Чакчагаев Султаналы