Жайыл районунун Кара-Суу айылындагы “Ак кептер” жамааттык мультимедиа борбору өтүп бара жаткан 2017-жылды жыйынтыктады.
2017-жылдагы “Ак кептердин” иши тууралуу жамааттык медиаборбордун координатору Султаналы Чакчагаев мектептин жана айылдын Жаңы жылга арналган кечесинде айтып берди:
— Быйылкы жыл биздин медиа борбор үчүн ийгиликтүү жылдардын бири болду. Жылдын жыйынтыгы боюнча “Ак кептер” жамааттык медиаборбору Кыргыз Республикасынын жамааттык медиа борборлорунун арасынан биринчи орунга ээ болуп, «Немец толкунунун» диплому жана ноутбук менен сыйланды. Сыйлоо аземи Кыргызстандын жамааттык медиа каражаттарына арналган Бишкектеги конференцияда болуп өттү. Борбордун иштешине алты жыл кетип бара жатат, ар кандай конкурстарга катышабыз, Бишкекке барып, окууларга, семинарларга катышып турабыз, долбоор жазып, кичи гранттарды утуп, Ставропол айылына филиал ачтык. Ал филиал иштеп, Ставропол айылынын балдар-кыздары да, журналистиканын негиздерин үйрөнө башташты. “Ак кептер” мултимедиа борбору Кара-Суу айыл аймагынын өсүп-өнүгүүсүнө аз да болсо салымын кошо баштады.
Жылдын жыйынтыгы боюнча борбордун активдүү ыктыярчыларына грамоталар жана бирдик толтуруу карточкалары тапшырылды.
Алар: Туратбеков Азирет, Бейшенбекова Гүлзада, Данияр кызы Назик, Алымбекова Канышай, Жусупова Саида, Айылчы кызы Сезим, Анвар кызы Айзаада, Дүйшөнбеков Актан, Сманов Беккелди, Болотов Алишер.
Даярдаган: Гүлзада Бейшенбекова