Тогуз- Торо районунун №1 Тоту Мойдунов атындагы орто мектебинде 6-7-8-класстын окуучулары менен биргеликте лагерь 5 күнгө созулуп, Тогуз-Торо районунан 13 мектебинен 50 окуучу катышты.
Лагерде окуучуларды окутуу үчүн атайын ыктыярчылар алып, келинген. Бул тууралуу лагердин уюштуруучусу Кенжекан Султанбаева мындай деди:
“Тогуз-Торо жергесинин тургуну болом. Ошондой эле лагеринин координаторумун. Мен Американын чакан гранттары программасынын негизинде, ушул 2019-жылдагы Тим Бил Кемп долбоорун уюштуруп жатабыз. Учурда борбор шаарыбыз Бишкектеги Британиялык окуу борборунун тил мугалими болуп эмгектенем. Уюштуруу идеясы, бизге Тогуз-Торонун активдүү жарандары биргелешип, аймактарды өнүктүрүү жылдарына карата кандай иш чара өткөрсөк деп, учурдун талабы болду.
Англис тили, глобалдашуу заманында канчалык окуучуларга, өсүп келе жаткан жаш муундарга кандай керек экендигин сезип, келечегибиз болгон жаш муундарды жакшы багытта үгүттөйлү деп, учурда Кыргыздагы Тынчтык корпусунун ыктыярчылары менен биргеликте лагерди алып барып жатабыз. Лагерибиз Тогуз-Торо районунун 13 мектебинин 6-7-8-класстын окуучуларынын баардыгын камтыйт. Биз ошолордун арасынан 50 мыкты деген, эң башкысы англис тилинен кызыгуусу артык болгон. Окуучуларды тандап алдык».
Ошондой эле, лагерде окуучуларды окуткан Америкадан келген ыктыярчы кыргыз аты Темирлан, лагерь тууралуу төмөндөгүлөрдү билдирди:
“Менин кыргыз атым Темирлан.Мен туруктуу Нарын облусунан, Атбашы айылынын четинде жайгашкан.
Ак Жар деген айылында жашайм. Кыргызстанда 2 жылдан бери жашап жатам. «Тынчтык корпусу» деген уюмдун ыктыярчысымын. Кыргызстанды аябай жакшы көргөндүктөн, эгерде өзүмө жаңы жумуш тапсам, Кыргызстанда калам. Окуучуларга сабак берем. Аябай активдүү катышып жатышат. Аябай зээндүу, акылдуу экен,”-дейт ыктыярчы.
Лагердин катышуучусу №7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынын окуучусу Чынаркүл Улукбек кызы буларды билдирди:
«№7 Таштемир Сатыбалдиев орто мектебинин 7-классынын окуучусумун. Бул лагерге биринчи анкета берилди. Анкетадан 150 сөздөн турган, 200 сөздөн турган дилбаян жазуу болчу. Ошол дилбаяндарды толук жазып, мааниси жакшы болуптур. Жалпы эсептегенде 33 балга жетиш керек. Бардыгы жакшы болуп жатат. Мен абдан кубанычтамын. Бул лагерден тил үйрөнүү жана оюн зооктор уюштурулат. Эртең мененкиси келгенде 2 саат сабак өтөбүз.»
Даярдаган: Нуриза Рыскулова