Билим берүү министрлигинин маалымат кызматы социалдык тармактарга официалдуу түрдө 2019-жылдын Жалпы Республикалык Тестирлөөнүн жыйынтыгы боюнча Алтын Сертификатка жетишкен окуучулардын тизмесин жарыялаган.
Маалыматка ылайык, Тогуз-Торо районундагы 2019- окуу жылынын бүтүрүүчүсү №1 Тоту Мойдунов атындагы мектептин окуучусу Бермет Дүйшалиева «Алтын тамга» сертификатына жетишкен.
Бермет Дүйшалиева Тогуз-Торо районуна караштуу Казарман айылындагы №1 Тоту Мойдунов орто мектебин аяктап жатат. Биринчи мугалими Назира Арзыбековна. Бүтүрүүчү мугалими Гүлнира Эстебесова. Математика мугалими Айгүл Султангазиева. Орус тил мугалими Аида Абдыкаимовна. Тарых мугалими Жанара Турсунбековна. Химия мугалими Санвар Жапаровна.
Бермет Дүйшалиева «Алтын тамга» сертификатына кандай жетишкендиги тууралуу төмөнкүлөрдү билдирди:
«Менин «Алтын тамга» сертификатына жетишим оңойго турган жок. Бул ийгиликке жетишим үчүн күнү- түнү даярдандым десем жаңылышпайм. Бул сертификатка жетишиме чоң салымын кошкон, менин мугалимдерим, ата-энем, бир туугандарым болду,»-деп билдирди Дүйшалиева.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова