2019-жылдын 24-августунда, Тогуз — Торо районунда «Тогуз -Торо районунун жаратылыш парктары маданий мураска ээ» аттуу инвестициялык форум өткөрүлдү.
Форумга райондук администрация, маданият бөлүмү , Ч.Айтматов атындагы райондук китепкана кызматкерлери, музей, искусство мектеп жамааты, айыл өкмөттөр жана мекемелер менен биргеликте катышышты. Бул иш- чара республикалык деңгээлде болуп, меймандар да чакырылды. Инвестициялык форумга айыл аймактардагы аялдар кеңеши кол өнөрчүлөрдүн көргөзмөсүн жана мастер класстарды уюштурушту. Бул тууралуу форумдун уюштуруучусу, “Тогуз-Торо жаштар уюмунун” төрайымы Эльвира Жаныкеева төмөндөгүлөргө токтолду:
“Саймалуу-Таш боюнча иш- чараны биз былтыртан бери уюштуралы деп жүргөнбүз. Биздин негизги максат атайын ушу Саймалуу Ташты ЮНЕСКОго киргизүү болгон. Ошол үчүн ушул иш- чараны баштаганбыз. Азыркы учурда ишибиз ийгиликтүү уланып жатат. Бизге коноктор жети облустан келди. Ыйгарым укуктуу өкүлдүн мүчөлөрүнөн, андан сырткары, Жалал-Абад облусунун 8 район, 4 шаарчасынан атайын жаштар конокко чакырылып жана ар кайсы райондордон зам акимдер келип конок болуп катышып жатышат. Илимий Конференцияда Резолюцияны да кабыл алдык, Саймалуу Ташты ЮНЕСКОго киргизүү боюнча”,-деп билдирди Э.Жаныкеева.
Ал эми Саймалуу Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын бөлүм башчысы Эмил Жумабаев форум тууралуу мындай деди:
“Бүгүнкү 23-24-августь күнү өткөрүлгөн бул иш- чаралар биздин районубуздун жаштарынын демилгеси менен, жаштардын аракети менен өткөрүлүп олтурат. Андан сырткары, ушул 23-августь күнү Саймалуу Таш мамлекеттик жаратылыш паркынын өзүндө конокто болушту”,- деп билдирди Э.Жумабаев.
Инвестициялык форумга чакырылган коноктордун бири, белгилүү актер Бектемир Мамаюсупов форум тууралуу өз оюн айтты:
“Биз жаштар форумуна катышып келе жатабыз. Азыр Тогуз-Торо районуна келдик, Казарман жергесине. Саймалуу Ташты биз дүйнөгө таанытып, Казарманда, Тогуз-Торону эле эмес Кыргызстанды байытыш үчүн, туристтерди өзүбүзгө тартуу үчүн атайын форумга келгенбиз”,- дейт Б.Мамаюсупов.
Ош шаардык жаштар иштер боюнча комитетинин төрагасы Изатбек Бекмаматов төмөнкүлөрдү айтты:
“Тогуз-Торо районунда тарыхый, руханий, маданий Саймалуу Таш деген объект бар экен. Бул биздин ата-бабаларыбыздан калган мурас. 3000 метр бийиктикте жайгашкан таштардын өзүнө алып барып көрсөтүп келди бизге. Тогуз-Торо райондук администрациясына жана Тогуз-Торо жаштар кеңешине терең ыраазычылык билдиребиз. Форумда көптөгөн жакшы идеялар айтылды. Ошол жерге “Канатная дорога” куруу идеясын бердим. Себеби, чыгып түшүүгө аябай көп убакыт кетет экен”,-дейт И.Бекмаматов.
Табышмактуу, сырдуу Саймалуу Таш тарыхый эстелиги тогуз жагы тоолор менен курчалган Тогуз-Торо өрөөнүнүн Сузак жана Өзгөн райондору менен чектелген түштүк батыш бөлүгүнөн орун алган.
Даярдаган: Нуриза Рыскулова