Сүлүктү шаарында 2019-2020 окуу жылынын башталышын утурлап, мугалимдердин август кеңешмеси болду. Кеңешмеге Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Чынара Саттарова, шаардын мэри Рахманберди Абдыназаров, шаардык Кеңештин төрагасы Каныбек Исмаилов вице-мэр Марзия Эркинова жана башка мекеме ишканалардын жетекчилери баш болуп 400 жакын мугалимдер катышты.
Кеңешмени билим берүү бөлүмүнүн башчысы Абдубахап Исманов ачып алып барды. Сүлүктү шаарындагы №9-гимназиянын директору Базаргүл Рустамованын доклады кеңешмеде талкууга алынып, багыт болгон негизги доклад катары каралды жана докладды шаардын мэри Р. Абдыназаров менен шаардык Кеңештин төрагасы К. Исмаиловдор колдоп ар тараптуу жардам берүүгө даяр экенин билдирди.
Кеңешмеде жыйынтыктоочу сөз сүйлөгөн, Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары, медицина илимдеринин кандидаты Чынара Саттарова билим берүү тармагындагы фактыларды келтирип, салыштыруу аркылуу анализ жасап, облус боюнча жаңы окуу жылына карата инновациялык багыттарды сунуш кылды.
«Мугалимдердин август кеңешмесинде жасалган баяндамалар өтө актуалдуу болуп, Чынара Осмоновнанын сунуштары мугалимдер үчүн 2019-2020 окуу жылы үчүн жаңы багыт болду»,- дейт гимназиянын мугалими Бакытбек Сапаркулов.
Даярдаган: Барчынай Алимова