Тогуз-Торо районунда жогорку класстын окуучуларына кесиптик багыт берүү максатында «Кесиптик компас» аталышындагы форум өткөрүлдү

Форумдун негизги максаты — жаштарды туура кесип тандоого багыттоо, алардын жеке өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү жана заманбап талаптарга жооп берген көндүмдөрдү калыптандыруу болуп саналат. Иш-чаранын алкагында кесип тандоо, жумшак көндүмдөрдү өнүктүрүү, лидерлик сапаттарды калыптандыруу, медиасабаттуулук жана ораторлук өнөр боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле мугалимдер үчүн заманбап окутуу методикалары жана санарип педагогикасы боюнча презентациялар уюштурулду.

Форум Т. Мойдунов атындагы Макмал жалпы билим берүү орто мектебинин актовый залында өтүп, ага 9–10–11-класстын окуучулары, мугалимдер жана райондук мекеме-уюмдардын өкүлдөрү катышты. Иш-чарага Бишкек шаарынан чакырылган адистер келип, мектеп бүтүрүүчүлөрүнө кесип тандоо боюнча практикалык тажрыйбалары менен бөлүшүштү.

Иш-чарага Тогуз-Торо райондук мамлекеттик администрация башчысынын орун басары Асель Жунусалиева катышып, форумдун маанисин белгилеп, Бишкек шаарынан келген конокторго ыраазычылык баракчаларын тапшырды. Мындан тышкары райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Бактыбек Таалайбеков, маданият бөлүмүнүн башчысы Сталмамбет Абдылдаев, «Тилектеш Эл» коомдук бирикмесинин төрагасы Анарбек Санжыбаев жана Жаштар кеңешинин төрагасы Берадор Мурзапайызов куттуктоо сөздөрүн сүйлөштү.

Форумга Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин Жаштар саясаты бөлүмүнүн жетекчиси Бакай Кожомкул уулу, жеке ишкер Аскар Дүйшөнбеков, «Жердин балдары» коомдук фондунун аткаруучу мүдүрү Бегимай Баатырбекова, «Кыргызстан жаштар кыймылы» коомдук бирикмесинин аппарат жетекчиси Данияр Бекишов, ошондой эле Борбор Азиянын жергиликтүү башкаруу академиясынын долбоорлор адиси Айгерим Алманбет кызы катышты.

Аталган форум «Тилектеш Эл» коомдук бирикмеси тарабынан демилгеленип, уюштурулуп, жаштардын келечекке болгон ишенимин бекемдөөгө жана алардын кесиптик багытын аныктоого багытталган маанилүү иш-чара болуп калды.
Даярдаган: Анара Мааметова