Жаз келип, айыл тургундарына кыштын кандай болгону тууралуу суроо узаттык. Төмөндө Түп районуна караштуу Чоң-Тогузбай айылынын жашоочуларынын пикирлерин сунуштайбыз.
Айнура Турсунова:
«Быйыл кыш узак болгону менен эсте калды. Абдан суук болду. Жылда малга камдалган тоют ашып калчу. А быйыл жетпей калды».
Бакыт Кайыков:
«Кыш быйыл суук жана узак болду. Адамдар сууктан абдан кыйналды».

Эмилбек Сыдыков, ооган согушунун ардагери:
«Быйыл кыш мурдагыдай болгон жок. Мурда биз бала кезде кыш абдан катуу болчу, ага салыштырмалуу күн жылуу эле болду».
Элмира Чордоева:
«Быйыл кар көп болду, анан түшүм да көп болуп, нан да көп болот деген ойдомун. Менимче кардын зыяны деле жок».

Каныбек Баратбаев:
«ыргызда жакшы сөз бар «кыздын кыздай, кыштын кыштай болгону жакшы» дейт, быйыл кыш абдан узак болду».
Асел Ормонбекова:
«Бул кыш катуу болгону деле жаман. Себеби балалуу үй-бүлөлөрдө үй суук болсо, бала үшүп көп ооруйт. Ошондуктан кышында жылуу болсо жакшы да».

Асанбек Сакбаев:
«Кышында кар канча көп жааса, аба таза болуп, ден соолук да чың болот. Кардын зыяны жок. Мисалы кар күрөсө деле жаш муундарга, ал тургай бизге деле күнүмдүк көнүгүү болот».
Зульфия Кадыракунова:
«Быйыл абдан суук болду. Кыштын суук болорун айылдын сакалдуулары күзүндө эле билишкен. Себеби илгерки адамдар болгондуктан, мисалы, пияздын кабыгынан билишкен».

Света Такырбашева:
«Кыш абдан жакшы мезгил, себеби таза аба, айылга ак пахта себип койгондой аппак. Өзүнчө эле ырахат. Негизи мага кыш мезгили абдан жагат».
Даярдаган: Нуриза Муратбек кызы
Редактор:Салават Жангабылов
Сынак үчүн
Телефондон жазылды