Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылында «Кызыл ай» коому тарабынан кабинет ачылган. Аны мектеп мугалими Хасан Эгембердиев жетектейт.
Ооган-Талаа мультимедиа борборунун кабарчылары кабинетти ачкан Хасан Эгембердиев менен маек курду.
Бул кабинет качан ачылды?
— Бул кабинет 2016-жылы ноябрь айында ачылган.
Эмне үчүн ачылды?
— Ачылганынын себеби айылдагыларга жардам берүү.
Канча каражат кетти жана ким каржылады?
— Бул кабинетти ачканга 200 миң сом акча кетти, муну «Кызыл ай» коому өзү каржылады.
Сиздер эмне иш менен алектенесиздер?
— Бул жерде иштегендер жер көчкү, жер титирөөлөр болсо элдерге бекер жардам беришет.
Бул убака чейин кандай иштерди жасадыңыздар?
— Бул убакка чейин биз Ооган-Талаа айылында сел жүрүп, үйлөрдү суу каптап кеткенде биздин жамаат үйлөргө жардам беришкен.
Келечекте кандай иштерди жасоо пландарыңыздар бар?
— Келечекте ар дайым айылга эле эмес коңшу айылдарга да жардам берели деп жатабыз.
Керектүү буюм-шаймандарды кайдан аласыздар? Ким алып берет?
— Бизге керектүү каражаттардын баарын «Кызыл ай» коому берген, эч ким жанынан эч нерсе албайт.
Сиз бул кабинетти ачканга чейин эмне иш менен алектенет элеңиз?
— Мен мектепте көп жылдан бери дене-тарбия мугалими болуп иштейм. Азыркы учурда да мугалим болуп иштеп келем.
Автору: Кушбак Таирбек уулу
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн