Базар-Коргон районуна караштуу Ооган-Талаа айылындагы тез жардам кызматы 20 жылдан бери төрт айылдын тургундарына кызмат кылып келүүдө.
Алмаз Карымшаков Могол айылдык участкалык тез жардам бөлүмүндө диспетчер болуп иштейт. Ал 1988-жылы Кызыл-Кыядагы медициналык окуу жайдан билим алган. Тез жардам бөлүмүндө 17 жылдан бери иштеп келет.
«Менин кесибим өзүмө аябай жагат. Эмнеге дегенде ким бир кесипти сүйүп окуса, ал иштен эч качан чарчабайт. Мен өзүмдүн кесибимди аябай жакшы көрөм. Диспетчердин кызматы: бир адам ооруп бизге келип калса биринчи жардамды көрсөтөм. Күнүнө биз 20га жакын адамга биринчи жардамды көрсөтөбүз», — дейт Карымшаков.


Айыл тургуну Жумакан Төрөбекова «тез жардам аябай жакшы кызмат кылып келе жатат. Балдарым же кыздарым ооруп калса чалсак эле келип биринчи жардамын көрсөтүшөт» дейт.
Автору: Мамырбек Мамырканов
Редактору: Заирбек Таирбек уулу
Сынак үчүн