Нарын районуна караштуу Куланак айылынын Абдылда Аралбаев атындагы орто мектебинде Нооруз майрамына карата окуучулардан каада-салттар кечеси өткөрүлдү.
Бул кечеде ар бир класс өзүлөрүнө бөлүнүп берилген каада-салттарды чагылдырып беришти. Мектептин окуу бөлүмүнүн башчысы Майрам Токсобаеванын билдиришинче, мындай сахналаштырылган көрүнүштөр менен жаштарга каада-салттар тууралуу маалымат берүүгө аракет кылышкан.

“Бүгүнкү кече класс аралык өткөрүлдү. Окуучуларга кыргыздын үрп-адат, каада-салттарын кеңири жайылтуу, унутулуп бара жаткан каада-салттарды эстеп калуу, кийинки муундарга өткөрүп берүү максатында өткөрүлдү», — деп билдирди Токсобаева.







Кеченин катышуучусу жана 10-класстын окуучусу Айзат Асанова классташтары менен бирге каада-салттардын ичинен кыз узатуу, келин алуу салттарын аткарып бергени айтты.


«Мыкты деп биздики табылды. Негизи буга биз бүгүн эле даярдандык, мына болот дегенде даярданып алып чыктык. Ага чейин башка нерселерге даярданып, даярдыгыбыз анча жакшы эмес болчу. Мынчалык жакшы деңгээлде өтөт деп ойлогон эмеспиз. Ар бирибиздин өзүбүздөн болду окшойт, аткаруу чеберчилигибизден улам жакшы болуп кетти”, — деп бөлүштү Айзат.


Каада-салттарыбызды унутпай, кийинки муундарга өткөрүп берүү биздин милдетибиз.
Автор: Эркинай Барыктабасова
Тренер: Бегимай Талантбек кызы
Сынак үчүн