Токтогул районунда мугалимдердин арасында ынтымакты бекемдөө жана сергек жашоону жайылтуу максатында уюштурулган «Санарип мугалимдер спорт лигасы» волейбол турнири болуп өттү. «Санарип Академиясы» тарабынан демилгеленген бул масштабдуу иш-чарага райондун 7 айыл өкмөтүнөн жалпы 41 мектептин мугалимдери катышып, чыныгы спорттук майрам болду. Валейбол оюну эки тур менен болуп, биринчи турнир 7-февралда аймак аралык болуп өттү. Аймактан женген мугалимдер Токтогулга келип 14-февраль күнү жыйынтыктоочу турнирге катышып, байгелүү орундарга ээ болушту.


Жеңүүчү аталган командаларга Санарип Академиясынын өтмө кубогу, 1-даражадагы дипломдор жана эң башкы байге — Казакстандын Алматы шаарына команданын 16 мүчөсү үчүн бир күндүк эс алуу жолдомосу тапшырылды. Башка байгелүү орундардын ээлерине да китептер белекке берилди. Бөкөнбаев жана Нургазиев мектебинин агай-эжекелери Алматыга жолдомо утуп алышты.
Эжекелер (айымдар) арасында:
1-орун: №2 Ж. Бөкөнбаев атындагы жалпы билим берүүчү орто мектеби (Чемпион);
2-орун: Т. Нургазиев атындагы мектебинин командасы
3-орун: К. Жаманкулов атындагы мектебинин командасы
4-орун: Курама уулу Турусбек мектебинин командасы
Агайлар арасында:
1-орун: Т. Нургазиев атындагы мектебинин командасы (Чемпион).
2-орун: Курама уулу Турусбек мектеби
3-орун: К.Жаманкулов мектеби
4-орун: Салаев мектеби

»Бул мелдеш мугалимдерге спортко болгон кызыгууну гана арттырбастан, кесиптештер арасындагы ынтымакты да бекемдеди. Биздин Бөкөнбаев мектебинин эжекелери эң жогорку деңгээлде оюн көрсөтүп, 1-орунду багындырып Алматы шаарына бир күндүк жолдомо утуп алдык, ушундай сонун саамалыкты уюштуруп, мугалимдердин эс алуусуна жана өсүшүнө шарт түзүп жаткан Санарип Академиясына жана анын жалпы жамаатына мугалимдердин атынан ыраазычылык билдиребиз. Мындай долбоорлор мугалимдердин кадыр-баркын көтөрүп, аларга жаңы дем-күч берет» деп билдирди Бөкөнбаев мектебинин валейбол командасынын капитаны Мээрим Жеенбаева
Даярдаган: Азема Кудуева