Токтогул районунун Кетмен-Дөбө аймагына караштуу Ак-Тектир айылында «Өзүбүздү өнүктүрүү менен ийгиликке чогуу жетебиз» -аттуу жыйын болуп өттү. Анда элеттиктерди иш менен камсыз кылуу маселелери каралып. Чакан болсо да ишкердик кылуу идеяларды талкууланды.
Жыйында айыл ичиндеги элди өздөрүнөн чыккан, колго даярдалган азык түлүк менен камсыз кылуу жана өздөрүн да иш менен камсыздоо маселелери сүйлөшүлдү. Мисалы: даяр магазиндин камырларын эмес, камырдын түрүн даярдоо, пельмен, лагман, самсы, жана башка түрлөрүн, булочка, кекс, боорсок, чакчак жасоо кыз келиндерге сунушталып, иштейм дегендер менен келишим түзүлүп, нарк баасы чечилди.
Ошондой эле жумушсуз кыз келиндерди колдоп, кол өнөрчүлүк, кызга сеп камдоо, тигүүчүлөрдү жумуш менен камсыз кылуу жагы да каралды. Жарманке уюштуруу өз колдору менен жасалган прдукцияларды, кол өнөрчүлүктү айыл элине сатуу менен өз кирешелерин көбөйтүү жагы айтылды. Ар бир айыл элинин жашоо шартын көтөрүү, жардам берүү үчүн айылга чакан ишканаларды ачып, жөнгө салып бере алсак, элибиз үчүн бир топ жардам кылмак элек дейт Кетмен-Дөбө айыл аймагынын башчысы Болот Багымбаев.
Даярдаган: Азема Сабырбекова.