Токтояндын сегиз жашар тургуну Али Майрамбек уулу эхинококк орусуна чалдыгып, азыркы учурда баса албай калган. Дарыгерлер Алинин көп сүйлөөгө болбостугун айткандыктан, макала анын атасы Майрамбек Асаналиевдин берген маегинин негизинде жазылды.
Майрамбек Асаналиевдин айтымында, баласы бир жылдан бери башы ооруп жатканын айтып келген. Ушул жылдын жаз мезгилинен тарта оорусу күчөй баштаган.
Алгач Алини Каракол шаарындагы, андан соң Аксуу районундагы ооруканаларга алып барып көрсөтүшкөн. Али Аксуудагы ооруканада бир апта жаткандан кийин баса албай калган.
Мындан алты ай мурун (июнь айында) баласы Алиге Бишкек шаарындагы Улуттук балдар хирургиясы жана педиатрия борборунда операция жасатышкан.
“Учурда балам сегиз жашта. Баламдын оң мээсине суу толуп, ыйлакча пайда болгон. Анан ошол жарылып кеткен. Ошентип баламдын башына операция жасашты. Операциядан кийин дагы деле баса элек, жакшы боло албай, азыр төшөктө жатат. Операциясын Бишкектен жасатканбыз”,-деп айтып берди Алинин атасы Майрамбек Асаналиев.
Баласынын оорусуна эмне себеп болгону тууралуу эч кандай маалыматы жок экендигин кошумчалады Асаналиев.
Токтоян айылдык ден-соолук комитетинин (АДК) жетекчиси Гүлмира Жумакадырованын билдиришинче, учурда айыл боюнча Али Майрамбек уулу эхинококк оорусу менен каттоодо турат.
Гүлмира Жумакадырова кошумчалагандай, буга чейин үч-төрт адам ушул оорудан жабыркап, азыр алар толугу менен айыгышкан. Андан сырткары аларды ар алты ай сайын текшерүүдөн өткөрүп турушаарын белгилеп өттү.
Автор: Жеңиш Таштанбек уулу