Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов орто мектебине жаңы электр жылыткычтары коюлган. Алардын окуу бөлмөлөрүн жылытканы күчү жетпей, окуучулар сабакта чечинбей отуруп сабак өтүүгө туура келет.
9-классынын окуучусу Айкөл Марат уулу эртең менен мектепке барганда класс муздак болуп, курткаларын чечпей отурушаарын айтат.
“Бизге жаңы жылыткычтар коюлган аны кечинде өчүрүп коюп, кайра эртең менен сайгышат. Биз эрте менен саат жети жарымдарга барабыз. Сабагыбыз болсо он эки-бирлерге чейин болот. Эртең менен барганда класстар суук болуп курткачан отуруп сабак өтөбүз”,- деди Айкөл Марат уулу.
10-классынын окуучусу Рита Нурбекова жылыткычтардын ток менен иштээрин, эгер жарык өчүп калчу болсо класстар суук болоорун, анын үстүнө свет бат-бат өчүп жатканын айтты.
“Жылыткычтардын жанында отурган балдарга жылуу эле болот. Ал эми аркаңкы парталарга жылуулук жетпей деле калат”,- деген оюн айтты Рита нурбекова
Мектеп директору Калык Албанов жылыткычтардын күчү жетпей мектеп орточо жылыйт, бирок өтө суук болбойт дейт.
“Жылыткычтар эртең менен саат төрттө сайылат. Күнүнө сегиз саат колдонулат. Түнү менен жылыткычтарды иштетүүгө уруксат жок. Анан дагы ошол трансформатордун кубаттуулугу анча жакшы болбой жатат”,- деп айтып берди мектеп директору Албанов.
Директор кошумчалагандай, мектептин үч корпусу бар, алардын ичинен экөө жакшы жылыбайт.
Автор: Жеңиш Таштанбек уулу