Токтоян айылына тигүүчү машиналар алынып келинип, цех ачылат. Бул иш- чаранын алкагында айылдагы кыз- келиндер жумуш менен камсыз болуусу күтүлүп жатат.Тигүүчү машиналар «Боорукер бол»кайрымдуулук фондунун аракети менен ишке ашырылып жатат.
Бул тууралуу «Боорукер бол» фондунун жетекчиси Зундунов Тыныбек маалымат берип өттү:
«Боорукер бол» фондунун ачылганына бир жарым жыл болуп калды,ошонун эсебинен цех ачылууда. Азыркы учурда 4 тигүүчү машина бар, материалдарды Каракол шаарынан алынып келинип тигилип жатат ар кандай кийимдер тигилет. Мисалга алсак, мектеп формалары, жеӊил кийимдер, жана спорттук кийимдер тигилип Каракол шарына алып барып өткөрөбүз. Азырынча спонсорлор жок, «Боорукер бол» фондунун эсебининен ачылып жатат. Негизги максатыбыз үйдө отурган кыз-келиндерди жумуш менен камсыз кылып, айылды өнүктүрүү.
Негизги максатыбыз региондорду өнүктүрүү жана элди жакырчылыктан чыгаруу болуп саналат. Биз айыл тургундарга окуу жагынан дагы, цехте иштөө үчүн билим керек болгондуктан, атайын 1 айлык окууларга жөнөтүп сертификаттар берилет. Айыл тургундарын жумуш менен камсыздап, жакшы айлык акы төлөп берүүгө макулбуз. Эми жакынкы арада 20 тигүүчү машина жана 10 кыз- келиндер окуудан сертификаттар менен кайтып келишип жумуш менен камсыз болушат»,- деп билдирди Зундунов Тыныбек.