Токтоян айылында таштанды маселеси күч алды, ага себепчи айыл тургундары болууда. Өткөн жылдары айыл четине таштанды төгүү үчүн чуңкур казылган бирок, айыл четинде жашаган тургундардын айтуусунда таштандылардагы желим баштыктар жана бөтөлкөлөр учуп келерин айтышууда. Бул жеке эле айылдын тазалыгына гана эмес, жаш балдардын жана бүткүл айыл тургундарынын ден соолугуна терс таасирин тийгизүүдө.
Токтоян айылынын тургуну Жайсанбаева Айнек өз оюу менен төмөндөгүчө бөлүштү:
“Таштандыларды чуңкур казуу жана ошол жакка төгүү тууралуу ошону менен бирге резина, целлофандарды отко жакпоо тууралуу түшүндүрүу иштери мектептеги жаш өспүрүмдөр эко клуб тарабынан түшундүрүлгөн. Айыл тургундары түшүнүү менен дагы ошону менен бирге кайдыгерлик мамиле кылышууда. Таштанды төгүлүүчү жай биздин үйүбүздүн жанында болгондуктан бизге терс таасири көбүрөөк тийип жатат,”- деп билдирди Айнек апа.
Мектеп окуучулар арасында жаратылышты коргоо максатында Эко-клуб ачылган. Эко-клубдун негизги максаты тазалыкты жана айлана- чөйрөнү сактоо жана коргоо болуп эсептелет. Бул тууралуу мектеп окуучусу Карыбаева Ариана маалымат берип өттү:
“Эко-клуб Тамчы – 6-класстын окуучулар тарабынан ачылган. Эко-клубдун жетекчиси Мукамбетова Элмира Бекмурзаевна. «Тамчы» деп атаганыбыздын себеби, тамчыдан көл куралат дегендей эле, биргелешип айылыбыздын тазалыгын сактоо жаш өспүрүмдөрдүн жана ошондой эле бардык айыл тургундарынын милдети болуп саналат. «Тамчы» эко-клуб апрель айында ачылган, ошондон тартып айыл тургундарына түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, таштанды ар кайсы жерге төгүлгөндөрдү көрүп кичи тазалоо иштери жүргузүлгөн. Азыркы учурда таштанды төгүлүүчү яма айылдан алысыраак же кандайдыр бир башка жол менен таштандылардан арылсак деген көйгөйдү алып чыгып жатабыз. Алдыда жалпы айыл тургундарын чоң ишембиликке чакырып тазалоо иштерин жүргүзсөк дейбиз,”- деп билдирди Карыбаева Ариана.
Даярдагандар: Мырзагүл Осмонова, Айзирек Сүйүндүкова