Токтоян айылындагы Ашырбай Коёнкозов орто мектебинин 11- классынын окуучулары Ч. Айтматовдун 85 жылдыгына арнап атайын даярдык кече коюшту.
Аталган мектептин директору Калык Албанов бул кече кандай өткөнү тууралуу пикирин билдирди.
«Жакшы болуп өттү. Дүйнөгө эки Чыңгыз таанылган. Бири кылычы менен, бири калеми менен дегендей. Чыңгыз Айтматовдун чыгармалары өз окурмандарын таап кетти. Айтматов ошол калемдин учу менен, чыгармачылыгы менен бүткүл дүйнөгө таанылган»,- деди мектеп директору Калык Албанов.
Иш чарада балдар Айтматовдун «Эрте келген турналар», «Кыямат», «Биринчи мугалим» жана башка чыгармаларынан үзүндүлөрдү аткарышты.
11-класстын окуучулары бул кечени Айтматовду эч качан унутпайлы, өзү жок болсо да анын чыгармалары эч качан өчпөйт. Биз аны тарыхтан жоготпой кийинки муундарга өткөрүп берели деген ураан менен аякташты.
Автор: Жениш Таштанбек уулу