Айылда ар бир үйдѳ жок эле дегенде 1-2ден ит бар. Айыл тургундардын кѳбү иттерин байлабай бош коюп беришет. Ошондой кѳчѳдѳгү иттер адамдарга терс таасирин тийгизүүдѳ.
Айыл тургуну Шайлоо Аламанова бош жүргѳн иттерден жабыр тарткандыгын билдирди.
“Айыл тургундар иттерин байлашпайт, иттеринин барын бош кожу беришет. Жакында эле мени кѳчѳдѳ жүргѳн иттер талап, ѳлтүрүп коё жаздады. Бутумду тиштеген азыркыга чейин басалбай араң жүрѳм. Ар бир үйдѳ 3-4тѳн ит багышат же байлашпайт. Иттерин бага албагандан кийин багышпай эле койсунда. Же күндүз байлашпайт. Күнү-түнү бош жүрѳт. Иттерин күндүз байлап кечкисин саат 10дон кийин кожу берсе болот да” , — деди Аламанова.
Токтояндын дагы бир тургуну кѳчѳдѳ бош жүргѳн иттер малдарга кол салганын маалымдады.
“Бая күнү кѳчѳдѳгү иттер койлордун аркасынан кубалап кетти эле, кошуналарымдын (3 үй-бүлѳнүн) бирден коюн тиштегилеп ѳлтүрүп салды. Ал иттерге эч ким, эч кандай жаза колдонгон жок. Дагы деле кѳчѳдѳ бош жүрѳт. Ушундай иттерди ѳлтүрсѳ”, — дейт Үмүт Мусаева.
Иттерден ар кандай оорулар жугаары баарыбызга белгилүү. Кѳчѳдѳгү иттерге кандайдыр бир чаралар колдонулат деп ишенебиз.
Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Нурпери Нуркасым кызы
Сынак үчүн