![20151002_111851[1]](http://toktoyan.kyrgyzmedia.com/wp-content/uploads/sites/3/2015/10/20151002_1118511.jpg)
Коёнкѳзов мектебинде тѳрт телевизор, тѳрт DVD бар. Бул техникаларды башталгыч класстардын жана жогорку класстардын мугалимдери тарбиялык сабак, ачык сабактарды ѳтүүдѳ пайдаланышат.
Мектептин тарых сабагы мугалими Мэлис Жээнбаев бул боюнча тѳмѳнкүдѳй оюн билдирди.
“Сабак ѳтүүдѳ телевизор пайдаланууда жеңилдиктер болот. Анткени азыр кѳп материалдар диск болуп чыгып калбадыбы. Мисалга алсам “Курманжан Датка” фильмин жакында эле окуучуларга кѳрсѳттүм. Фильмин кѳрсѳтүү айтып бергенге караганда окуучулардын эсинде көпкө сакталат деп ойлойм”, — деди Жээнбаев.
Мектеп окуучусу Жандос Шаршеев беш жылдан бери сабактарды телевизор пайдалануу менен өтүшөөрүн билдирди.
“Биз телевизорду кѳбүнчѳ биология, орус адабияты, кыргыз адабият сабактарында кѳрѳбүз. Учурда кыргыз адабияты сабагынан Чыңгыз Айтматовдун “Жамиля” повестин ѳтүп бүттүк. Эми чыгарманын фильмин кѳрүп атабыз”, — деди 11-класстын окуучусу Жандос.
Мектеп директору бул телевизорлор ким тарабынан берилгендиги тууралуу тѳмѳнкү маалыматтарды берди.
“Мектептер 2008-жылы айылдык билим берүү долбооруна катышкан элек. 2009-жылы биздин мектеп 169 миң сом грант алып, ал акчага мектепке компьютер, компьютердик стол, тѳрт телевизор, тѳрт DVD жана башка буюмдарды алганбыз”, — деди Калык Албанов.
Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы,Нурпери Нуркасым кызы
Сынак үчүн