Коёнкѳзов мектебинин окуучу балдары спорт менен машыгууда. Алар күндѳ мектептин ѳзүн-ѳзү башкаруу, спорт министри тарабынан түзүлгѳн план боюнча кѳнүгүүлѳрдү жасап, ар кандай спорттук оюндарды ойношот.
Мектептин спорт министринин эң негизги максаты балдардын ден соолугун чыңдоо экендигин билдирди.
“Мен спорт министри болгондуктан 5-11-класска чейинки балдарды спорт менен машыктырам. Балдар күндѳ сабактан кийин саат 12:05ден 12:35ке чейин 30 мүнѳт түзүлгѳн план боюнча кѳнүгүүлѳрдү жасашат. Негизги максатым балдарды ичкилик ичүүдөн алыстатуу, чылым чегүүсүнѳ жол бербѳѳ”, — дейт Жеңиш Асаналиев.
Балдар чуркашат, турникке тартылышат, скакалка секиришет, гусиный шаг басышат, оджимания жана башка кѳнүгүүлѳрдү жасашат. Бул боюнча мектеп окуучусу Дастан Оңолбеков ѳз оюн тѳмѳндѳгүдѳй баяндады.
“Биз машыгууну сентябрь айынын башынан эле баштадык. Спорт менен машыгууну мектептин парламенттери сунуштады. Аларга ыраазычылыгымды билдирем. Анткени азыр кээ бир мектептердин окуучулары ичкилик ичип, насывай, тамеки чегип жатышпайбы. А биз күндѳ спорт менен машыгып, андай жаман жолго барбоого шарт түзүлдү”, — деди 8-класстын окуучусу Дастан.
Даярдаган: Гүлжан Нуркасым кызы, Нурпери Нуркасым кызы
Сынак үчүн