Түп районундагы Токтоян айылынын Ашырбай Коёнкөзов жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагынан берген мугалим жок болгондуктан, мектеп директору, математик Калык Албанов кошумча кылып химия сабагынан берет. Мындан улам мектеп окуучулары жетишээрлик билим ала албай жатышат.
Мектеп директору Калык Албанов химия сабагынан саат аз болгондуктан көп жылдан бери мугалим келбегенин айтты.
“Бизде химия предметин болгону алты эле саат. Алты саатка сырттан эчким келбейт. Бизге химик-биолог керек болчу. Биз буга заявка берип жатабыз. Бул боюнча адистиги бар мугалим келе элек”, — деп баяндады мектеп директору.
Токтоян айылынын тургуну Гулмира Жумакадырова мектепке химия сабагынан берген мугалим керек экендигин айтты.
“Мисалы үчүн Албанов Калык агай бизде химиядан сабак берет. Ал өз адиси боюнча математик, биздин мектепке өзүнүн адиси боюнча химик керек. Калык агай бергени менен окуучуларга билим деңгелин жеткизе албайт”, — Жумакадырова.
Максат Жумакадыров айылдагы орто мектепти аяктаган соң чоң окуу жайга барганда кыйналып, сабактарга жетишпегендигин айтып берди.
“Бул жерде билим кичине канааттандыраарлык болбой калды. Себеби адистик мугалим жок болуп калды. Чоң окуу жайга барганда бир аз кыйналдым. Андан кийин көнүп кеттим. Бул жактан химия сабактары жакшы өтүлчү эмес. Бул жактагы билимим негизи төмөн эле болуп калды да чоң окуу жайдан өзүнүн адис мугалимдери жеткиликтүү кылып беришет”, — деп айтып берди ал.
Метеп окуучусу Сыймык Абдыкайыров азыркы учурда 9-класста окуйт. Ал мектептен химия сабагын жакшы окууну каалагандыгын айгинеледи.
“Бизге азыр мектеп директору химия сабагынан берет. Бизге түшүндүрүп өткөнгө аракеттенет, жакшы эле түшүнөм. Мен өзүм кийин хирург болгум келет. Ошондуктан азыртадан химия жана биология сабагын жакшы окуганга аракеттенем”, — деп Сыймык Абдыкайыров түшүндүрдү.
Даярдагандар: Жеңиш Асаналиев, Дастан Оңолбеков.
«Сынак үчүн»