
Ашырбай Коёнкөзов мектебинде окуучулардын саны 215 болсо, алардын бардыгына китептер толугу менен жетишсиз.
Айсырга Шаршеева 6-класстын окуучусу. Ал өзүнө мектеп китеп канасынан көп китептер жетпей калгандыгын баса белгилеп, мугалимдер берген тапшырмаларды аткара албай калып жаткандыгын айтты.
“Мектепте өз алдынча отурганда мугалимдер суроо бергенде жооп бере албай калам. Биз окуп жаткан китептертердин абалы начар”, — дейт ал.
Айыл тургуну Эльнура Төлөева төрт баласына тең китеп жетпей калгандыгын жана ал китептерди сатып берүүгө каражат жетпей кыйналганын айтты.
“Балдарыма 4-5тен китеп жетпей калды. Китептерди шардан сатып берейин десем кымбат, акча жоктугунан кыйналып жатам”, — деген көйгөйүн билдирди Төлөева.
Мектеп мугалими Асел Абдиева сабак өтүүдө кыйынчылыктарга дуушар болуп жаткандыгын, сабак өтүп жатканда окуучуларга китеп жетишсиздигинен көп убакытым жазуу менен гана өтүп кетет, дейт ал.
Эмне себептен мектепте китеп жетишпей калганын билүү үчүн мектептин китепканачысына Салима Жайылкановага кайрылдык. Мунун негизги себебин ал Коёнкөзов мектебине аз китеп бөлүнүп жаткандыгы менен түшүндүрдү.
Даярдагандар: Нурпери Нуркасым кызы, Малика Турдубекова.
“Сынак үчүн”