Окуучуларга мугалимдер тарабыннан ВИЧ-СПИД оорусунун жугуу жана андан коргонуу жөнүндө тарбиялык сааттар, ангемелешуу, тегерек столдор жана сурот конкрустары өткөрүлүүдө.
«Айылда ВИЧ-СПИДдин беш айлыгы жарыяланган. Ушул илдет боюнча окуучуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатабыз», дейт социолог-психолог мугалими Салима Жайылканова.
«Райондо жылда 1-декабрь ВИЧ-СПИДке карата семинарлар болуп турат. Ушул семинарга катышып турам. Быйыл окуучуларга да өтүлсүн, коргонуу жолдорун билишсин деген сунуштар болду. Өтүлүп жаткан сабактын негизги максаты окучуларды ВИЧ-СПИД илдети тууралу кененирээк тааныштыруу. Анткени бул илдет жаштар арасында көп таралууда жана былтыркы статистикага караганда Түп району боюнча 10 адам катталган», -деди Салима Жайылканова
ВИЧ-СПИД жөнүндөгү сабак 9-10-11-класстарга өтүлүүдө 10-класстын окуучусу өз оюн төмөнкүчө билдирди: «Бүгүнкү сабакта өзүмө керектүү маалыматтарды алдым десем болот. Мен ВИЧ-СПИДдин жугуу жана коргонуу жолдорун биле алдым»-деди Нуркыз Рысалиева.
9-класстын окуучусу Кемел Эмил уулу бул сабактын өтүлгөнү чоң таасир тийгизгенин билдирди.
«Бул сабак абдан кызыктуу болду. ВИЧ-СПИД оорусу жөнүндө кызыктуу маалыматтарды ала алдым жана ошондой эле өз ден-соолугубуз өз колубузда экендигин жакшы тушундум»,- дейт ал.
Даярдагандар: Гүлжан Нуркасым кызы, Калыгул Максат уулу.