Арбын айылында карыса да өз ишин токтотпогон Камардин атабыз ар кандай иштерди мисалы, тикенеден челектерди, тепшилерди жасайт жана эски чайнектердин, челектердин түбүн түптөп берет, бычактарды, кайчыларды, тешелерди, балталарды жана башка ар кандай темир буюмдарын курчутуп берет. Албетте мындай усталарыбыздын баарына шүгүр кылабыз.
« Мага бул устачылык өнөрдү атамдын бир тууган агалары Кудайкул менен Yсөн деген аваларым үйрөткөн. Колхоздо мага тең келчү уста жок эле ал мезгилде мен усталардын устазы элем баары мага келип челектерин, чайнектерин түптөтүп кетишчү, азыр да менин шакирттерим бар. Кызыл-Кыядан 3 шакиртим бар, Байыштан жана Арбын айылдарынан келип үйрөнүп кетишет. Арбын айылынын элдери мага эски газ балондорун алып келишет мен аларга газ балондон мештерди жасап берем»,-деди Камардин ата
Даярдагандар: Баяман Тойчубай уулу, Динара Карим кызы