Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айыл өкмөтүнүн айылдарында унутта калып бара жаткан каада-салттардын жана салттуу ырлардын фестивалы өткөрүлдү.
Сынакка Жерге-Тал, Кара-Чий, Жалгыз-Терек айылдарынын таланттуу жаштары катышышты. Кыргыз элинин унутта калып бара жаткан каада салттарынын театрлдашкан сценкалар жана ошондой эле салттуу ырлардан болгон “Бек-бекей, Шырылдаң жана Оп-Майда” сыяктуу ырлар боюнча өз өнөрлөрүн көрсөтүп, келген элди таң калтырышты.
Бул жөнүндө Жерге-Тал айылынын тургуну Ширин Эшмамбетова оюн билдирди. “Фестиваль азыркы учурда биздин балдар үчүн таасирлүү болду деп ойлойм. Анткени бул фестивалда мен буга чейин билбеген салттар бар экен. Ал эми ушул фестивалды уюштурган топтун жетекчисине Гулзат Асанакун кызына рахмат айтар элем”, — деди.
Фестивалга келген көрүүчүлөр кыргыз элинин баа жеткис мурастары болгон салттарыбызды унутпастан муундан-муунга, укумдан-тукумга калтыруу керектигин жана ошондой эле фестивалдын катышуучулары элге жеткиликтүү өткөрүп бере алгандарына ыраазычылык билдиришти. Фестивалга демөөрчү болгон “Тоолуу аймактарды өнүктүрүү Альянсы” коомдук фондунун Нарын областы боюнча координатору Адилет Эшенов жеңүүчүлөргө сыйлык тапшырды.
Мындан ары дагы чогуу иштерин айтып, фестивалды уюштурган топко ыраазычылыгын билдирип өттү. Фестивалдагы жеңүүчү “Гүл-бурак” ырчылар тобунун мүчөсу Элиза Талантбекова да өз кубанычын бөлүшүп кетти. “Албетте, биринчиден толкундоо пайда болду. Ошондой эле жеңүүчү болобуз деп ойлогон эмеспиз. Ошого аябай кубанып жатабыз”!
Фестивалдагы 1-орунду камсыз кылган окуучулар кымбат баалуу сааттар жана Грамота менен сыйланышты.
Даярдагандар: Айзада Койчубекова, Бегай Таалайбекова