Нарын районуна караштуу Жерге-Тал айылынын Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинде «1-декабрь Биз СПИДке каршы күрөшөбүз» деген темада эки айылдын воллейбол оюну боюнча кыздар арасындагы турнир болуп өттү.
Бул турнирге Жерге-Тал жана Эмгекчил айылынан кыздар командалары катышты. Оюндун шарты боюнча 5 партия топ j.ye болду. «Табалдиев» кыздар командасы 3 партияны жеңип, жеңишке ээ болушту.
«Табалдиев» кыздар командасынын мүчөсу Медина Нурланбекова төмөнкүчө оюн билдирди. «Бизге бул турнир чоң шарт түздү десем болот. Себеби жакынкы арадагы өрөөндүк Олимпиядага катышканга мүмкүнчүлүк алдык. Биз бүгүн жеңебиз деп ойлогонбуз. Жеңдик! Ушул турнирди уюштурган агай-эжейлерге ыраазычылык айтаар элем!»
Турнирди уюштурган Асанбек Табалдиев атындагы орто мектебинин мектеп администрациясы , оюнду мыкты алып баргандыгы үчүн, командаларга ыраазычылык билдирди. Ошондой эле дене-тарбия мугалимдери да, мындан ары да көптөгөн турнирлерди, мелдештер өтө тургандыгын айтышты.
Асанбек Табалдиев мектебинин дене-тарбия мугалими Санжар Асаналиев мындайча оюн билдирди. «Бул турнир аябай кызыктуу өттү десек болот. Ошондой эле биздин «Табалдиев» кыздар командасын куттуктайбыз. Кыздар бул оюнда чоң эмгек жасашты. Кыздарга дагы да ийгилик каалайм. Ошондой эле бул турнир, ушуну менен токтобостон дагы да уланта бермекчибиз.
Ошондой эле турнирге келген көрүүчүлөр да көп болду. Кызыгуу менен оюнду көрүп командаларга колдоо көрсөтүп жатышты.
Даярдагандар: Айзада Койчубекова, Бегай Таалайбекова