«Балдар чыгармачылык билим берүү борборунун» Нарын областынын Жерге-Тал айылында ачылып иштеп жаткандыгына 3 жылдын жүзү болду. Алгач 15 гана бала менен иш алып барса, азыр 180 бала тарбияланып жатат, деп билдирди борбордун тарбия завучу Асель Турдалиева.
Анын айтуусуна караганда, борбор алгач Сары-Ой жергесинин филиалы болуп ачылган. «Балдарга нота үйрөтүү менен комуз чертүүнү да үйрөтөбүз. Биз балдарды 5 топко бөлүп окутабыз. 3 жылдан бери көптөгөн ийгиликтерге жетиштик. 2014-жылдын октябрь айында биздин борборго Эсенбек Майрыков директор болду. Бизде комуз ийриминен башка өрмөкчүлүк, жыгач устачылык, кол өнөрчүлүк ийримдери бар. Алдыдагы максатыбыз тал түйүү боюнча иш алып баруу. Биз мындан дагы кеңейебиз»- , дейт Асель Турдалиева.
Балдар чыгармычылык борборунун ийгиликтеринин бири «Атай» фольклордук комузчулардын ансамбли. Жаш таланттар сынагына катышып «Атай» фолкьлордук ансамбли 7 өрөөндүн ичинен баш байгени алган. Республикалык сынактан 3 орунду ээ болгон.
«Биз үчүн бул эң чоң сыймык. Мындан ары да көптөгөн жетишкендиктерге жетишебиз, «-деген оюу менен «Сайра комуз» ийриминин жетекчиси Асель Турдалиева бөлүштү. Ар бир сынакка жаш музыканттар жаңы концерттик кийим менен чыгышат. Балдар 76 концерттик кийим менен камсыз болгон. «Кийимдердин тигилишине ата-энелер да көмөк көрсөтүштү. Балдар концерттик кийим менен толук камсыз болбогондуктан, биз дагы да костюмдарды тигүүнү улантабыз»,- дейт «Атай» фольклордук комузчулар ансамблинин костюмери Динара Сыдыкова.
Ал эми комуз ийриминин катышуучусу Жолдошбек кызы Айтурган төмөндөгүлөрдү билдирди. «Комуз ийримине катышканыма 2 жыл болду. Бул убакыт аралыгында көптөгөн күүлөрдү үйрөнүүгө жетиштим. Келечекте мыкты комузчу болгум келет. Мындан ары да мыкты ийгиликтерге жетишебиз».
180 окуучудан турган бул ансамбль алдыдагы ийгиликтерди багынтуу үчүн учурда кызуу даярдык көрүүдө. Жерге-Тал айылында болуп жаткан бул саамалык башка айылдарга да кеңири жайылып, жалпы эле Нарын элинин маданиятын жогорулатууга өз салымын кошо бермекчи.
Даярдагандар: Мээрим Мирлан кызы, Элиза Темирбекова.