Ак-Талаа райондук тарых музейинде Кыргыз Республикасынын Акыйкатчысынын Нарын областы боюнча өкүлү Жаанбаев Тойгонбай Адам укуктары жана өкүлчүлүктүн областын аймагында жүргүзгөн иштери тууралуу окуучуларга, коомчулуктун өкүлдөрүнө маалымат берди. Адам укуктарынын декларациясынын 65 жылдыгына карата өткөн бул жолугушууга райондук администрациянын, прокуратуранын өкүлдөрү жана окуучулар катышып, кызыккан суроолорун берип, жооп ала алышты.
“Демократия оюна эмне келсе сүйлөй берүү эмес, бул-мыйзамдуулук” дейт Акыйкатчынын Нарын областы боюнча өкүлү Т.Жаанбаев.
Даярдаган: А. Айылчиева