Ак-Талаа райондук маданият үйүндө ден-соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын күнү белгиленип, аталган иш чарага райондун акими С.Мырзабеков жана Баетов айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Т. Турусбеков катышты. Мүмкүнчүлүгү чектелген жарандар сахнада ырдап-бийлеп өнөрлөрүн тартуулашты. “Бул адамдарыбыз ар дайым көңүл бурууга муктаж, андыктан колдоо көрсөтүп туруубуз зарыл” деген район жетекчиси акчалай белектерди тапшырды.
Даярдаган: А. Айылчиева