Мектепке Ашырбай Коёнкөзовдун ысымы бекеринен коюлган эмес. Ал согуш талаасында көптөгөн эрдиктерди көрсөтүп, башка жоокерлерге үлгү болгон. Биз сөз козгойлу деген баатыр Токтоянда туулган.
Ашырбай Кёнкөзов 1907-жылы Токтоян кыштагында туулган. 1942-жылдан бери КПССтин мүчөсү, улуту кыргыз, сержант, согушка чейин Пржевальск шаарындагы Кызыл аскер көчөсүндө үй-бүлөөсү менен турган. 1943-жылы 7-январьда 8-гвардиялык дивизиядан келген, 7-ленинграддык партизан бригадасынын 2-отряддагы ротанын командири болуп кызма өтөгөн.
Ал Пржевальск шаарында бир бөлмөлүү тик жабылган чакан чатыр үйдө жашап, эмгегинен баар таап Токтомамбет, Догдурбай, Аскер (Гвардия) аттуу 3 балалуу болгон. Ушул үйдөн Ата Мекенди коргоо үчүн согушка аттанган. Ашырбай кетип жатканда үй-бүлөөсү менен мынтип коштошкон:
«Жашыба Сакай! (жубайы) көп менен көргөн иш. Эл-журтту коргоо атадан калган салт. Балдарды кор кылбай жакшы бак». Саадат баш ийкөө менен көз жашын төгүп фронтко узаткан.
Командири Капровдун айтуусуна караганда: «Анын эсебинен 138 «тил» катталган. Ашырбайдын эпчилдигине, шамдагайлыгына шайкеш келген эр-жүрөктүүлүгү, куралдуу душманды куралсыздандырып тирүү келүүгө аргасыздандырган. Бул эрдик!»
Сүрөттө 8-гвардиядиялык дивизиясынын өкүлдөрү (солдон оңго) гвардиянын сержанты А. Коёнкөзов, радист Ж. Султаналиев ж.б журналисттер.
Ашырбай Панфилов дивизиясында кызмат өтөп жатканда кенже уулу төрөлүп үйдөгүлөрү Аскер коюп коюшкан, бирок 1942-жылы кыска мөөнөттүү отпускага келип, уулуна Гвардия деген ысымды коюп кеткен (8-гвардиялык дивизияда кызмат кылганына байланыштуу).
Мектеп директору Калык Албанов «Абдынапык агайсыз Ашырбай, Ашырбай эмес» деген. Анткени Коёнкөзовду казактар өзүлөрүнө биздин баатыр деп жаздырышып алышканда Абдынапык Осмонов атайын Россияга барып, баарын изилдеп, Ашырбайдын замандаштары менен жолугушуп кыргыз, Токтояндык деп далилдеп келген.
Ленинграддагы 7-партизан бригадасынын саясий бөлүмүнүн башчысы Соловьёв баатырды минтип эскерген: «Душмандарга каршы жалпы боордош элдер менен чогуу согуштук. Тагдырдын буйругу менен ушул жерден кыргыздын чыгаан уулу менен жолугуштум. Өтө чыйрак, чечкиндүү, жай отурган кезде абдан шайыр, ишти аткарууга жөндөмдүү, сонун адам эле. Ал «Манас» эпосунан абдан мыкты эрдик жана баатырдык, достук жана ак-ниеттүүлүк жөнүндө баяндалган жерлерден үзүндүлөрдү айтып, жоокерлерди таң калтырчу. Душманды толук талкалоо үчүн тост көтөрүлгөн кезде, Ашырбайдын көзүнөн өч алуунун учкундары көрүнүп, туулуп-өскөн жерден каракчыларды толук кууп чыгууга чечкиндүү киришкени байкалып турду».
Токтояндагы Казыбек ата төмөнкүлөрдү кошумчалады:
«Ал баатыр, ошон үчүн аты мектепке берилди. Согушта 175 немецти кармап келиптир. Каракол, Бишкектеги көчөлөргө аты да берилген.»
Майор Жетписбаевдин каттагы билдирүүсүнө караганда: «Ашырбай кыска мөөнөттүн ичинде 200дөн ашык фашисттерди жок кылып, 18 гитлердик жырткычтарды туткунга кармап келет. 1943-жылдын акырында фашисттерге каршы согушта баатырларча курман болгон.»
Кыргыз элинин баатыр уулун мурунку совет элдери, эч качан унутушпайт. Өкүндүргөнү кыргыздын ушундай чыгаан уулуна эч кандай сыйлыктар берилген эмес…
(Маалыматтар Абдынапык Осмонов чогулткан, жазган газеталардагы макалалардан алынды)
Даярдаган: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка