Кыргыз эли негизинен жаратылыш менен тыгыз байланыштагы эл эмеспи. Алар дайыма отко, сууга, ыйык жерлерге сыйынышкан. Дал ушул ыйык мазар талдар бизде көп.
Ушундай мазарлардын ыйыктыгы, аталыштары жөнүндө тарых сабагынан берген мугалим Кадыркул агай төмөнкүлөрдү айтып берди:
«Бизде Бугу эненин мазары деген ыйык жер бар. Ошол жакка элдер барып сыйынып турушат. Анткени тарыхта калган. Биз шаман дининде элек эми жүрүп отуруп ушуга келдик ошол себептен буга ишенбей коё албайсың.»
«Мазарлар жөнүндө көп уламыштар бар. Мисалы, Бугу эненин мазары жөнүндө уламышта, Бугу эне дал ошол жерден кеткен деген маалыматтар бар, дагы «кыркын баз» деген жердеги Токтоян мазары деген бар, уламышта Баян деген калмак кыздын качкандагы мезгили сүрөттөлөт. Күйөөсү кары адам болгондуктан тийбейм деп, ошол кыз качууга мажбур болуп качканда кыргыздар калмактар болуп аркасынан токто деп кубалашып ошол жерден кайтыш болуп калгандыктан «Токтоян мазары» деп айтылып калган дешет», — деп токтолду Кадыркул агай.
«Бул мазарлардын ыйыгы 1910-жылы байкала баштаган анткени мазар талдарды кыйган адамдардын көздөрү көрбөй калган. Б. А деген агайдын атасы кесип ошондон көзү көрбөй калган. Эскерүү болгондо атайын ошол жерлерге мал союлуп куран окутулат», — дейт Кадыркул Асаналиев.
Токтояндын имамы Майрамбек аба мазарларга ишенбейт жана ага ою каршы экенин төмөндөгүчө билдирди:
«Мен мазарга ишенбейм, бир гана кудайга ишенем. Бул мазарларды кудай жараткан, эгерде ыйык, касиеттүү боло турган болсо эч качан өлбөс, соолубас кылып жаратмак. Ал эми айлана чөйрөдөгү бак-дарактар биздин ден-соолугубуз үчүн эле.»
Ошондой болсо да мазарлардын касиеттүүлүгүнө ынандык, анткени азыркы адамдар кыйып, кырсыктагандар бар.
Автору: Адина Осмонова
Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка