7-апрель элдик революциясына 5 жыл болгонуна байланыштуу район денгээлинде иш чара болуп өттү. 2010-жылдын 7-апрелинде элдин мүдөөсүн, талабын аткара албаган бийликке басымдуу бөлугү элеттик жаштардан турган элдин калыӊ катмары каршы чыккан.
Ал күнү дүйнө жүзүндөгү өлкөлөрдүн тарыхында болбогон окуя болуп, бийлик өз эллине ок аткан. Ошол күнү биздин 87 мекендешибиз окко учурап шейит кетишкен. Андан берки 5 жыл аралыгында ок тийип оор жаракат алгандыгынан улам 118 эр азаматтарыбыздан айрылдык. Биздин айылыбыздан ошол күнү ар кандай оор кырдаалга туш болгон 11 эже-агаларыбыз элдик революциянын батыры наамына татыктуу болушкан.
Апрель элдик революциясынын 5 жылдыгын белгилөөгө революциянын катышуучулары, айыл өкмөт башчылары жана райондун жетекчилери катышты.
Кызыл-суу айылынын жеӊиш паркына апрель революциясында курман болгондордун элесине арналган эстелик тургузулуп, иш чаранын жүрүшүндө ачылышы болду. Иш чара концерттик программа менен коштолду.
Иш чаранын журушундө элдик революциянын катышуучуларына акчалай сыйлыктар жана райондук администрация тарабынан белекткр берилди.
Райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы акимдин орун басары Раматов Мурат Садинович бул иш чара боюнча төмөндөгүлөрдү билдирди:
«Jшол 7-апрель элдик революциясынын 5 жылдыгына арналган Жети-Өгүз районундагы салтанаттуу жыйын өттү. Биздин аким Джудеев Калысбек Асаншаевич өнүктүрүү фондусунан акча бөлүп,айыл өкмөттөр акча бөлүп даӊк тактасынын ачуу аземи өткөрүлдү. Бүгүнкү биздин элдик революцияга жана Аксыдагы курман болгон баатырларга даӊк тактасын орноттук. Айыл өкмөт башчылары тарабынан конвертер, аким тарабынан ардак грамоьалар, белектер жана ыраазычылык катар тапшырылды.»
Барскоон айылындагы катышуучулардын абалы жөнүндө жана кыскача каалосу менен Барскоон айылынын айыл өкмөтүнүн башчысы Эшмамбетов Руслан Төлөнович кыскача маалымат берди:
«Биздин айылда 11 катышуучу бар. Экөө жаракат алган адамдар, тогузоо революцияга катышкан. Биздин айылдан Саадабаев Рысбек каза болуп калды. Ошолорго биз айыл өкмөтүнөн каза болгондордун үй-бүлөсүнө 5000 сом, ал эми катышуучуларга 1000 сомдон бердик. Ошондо чын эле татаал күндөр болгон. Бир топ жоготууга учурадык. Мындай күндөр болбосо экен.»
Ошол революцөтия күнү элдин камын ойлоп, өз өмүрүнөн коркпой, ок алдында калыстык издеп келген баатырларыбыздын бири Келгенбаев Жаныбек агай Оз оюн билдирди:
«Азыркы бийлик элдин мүдөөсүн 100% аткара алды деп айта албайм, себеби, баягы эле К.Бакиевдин убагындагылар креслодо отурушат. Ошолоро кичине нааразымын. Эстеп койгонуна ырахмат. Ыраазычылыгыбызды билдиребиз. Мындан ары революция болбосун.»
Мындай каргашалуу революциялар такыр болбошуна тилектешпиз.
Даярдаган: Айдай Кудайбергенова
Аманбек к. Саадат