Ош облусуна караштуу Ноокат районунун Куу-Майдан айылында адамдар өтүүчү көпүрө жаңыдан оңдоло баштады. Көпүрөнү курууну Өзгөчө кырдаалдар министрлиги колго алды.
Көпүрө курула баштаганына бир жума болду. Мурдагы көпүрөнүн эскилиги жетип, талапка жооп бербейт эле.
Азыркы жаңы салынып жаткан көпүрө автоунаа өтпөсө дагы, адамдар өтүүчү чоң көпүрө болуп салынууда. Бул көпүрө негизинен окуучулардын мектепке баруусуна жардамы чоң. Себеби бул каналдан жамгыр жааганда көп суу агып келип, жергиликтүү тургундардын бир тараптан экинчи тарапка өтүүсүнө коркунуч жаратчу.
Көпүрө атайын долбоордун негизинде ишке ашып жатат. Долбоорду Куу-Майдандын айыл башчысы Абдурошут Кадырбердиев иштеп чыгып утуп алды.
«Бул көпүрөнүн жаңылануусуна өзүм проект жазып ишке ашырдым Учурда куруучулар кубаттуулугу чоң бир скорпион жана эки кум ташуучу камаз менен иштеп жатат. Ошондой эле Кеңеш айыл өкмөтүнөн жардам көрсөтүлүүсү каралууда. Бул ишти аягына чыгып ишке берилгенге чейин өзүм көзөмөлдөп турам», — деди Куу-Майдан айылынын башчысы Кадырбердиев.
Даярдаган: Баяман Тойчубай уулу
«Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка»