Тогуз-Торо районунун Сары-Булуң айыл аймагында жергиликтүү жаңылыктарды даярдоо жана элге жайылтуу үчүн жамааттык мультимедиа борбору өз ишин баштады. Сары-Булуң мультимедианын максаты элди маалымат менен камсыз кылуу жана алардын көйгөйү боюнча чечим кабыл ала турган адамдарга жеткирүү.
Сары-Булуң айыл аймагынын башчысы Т. Молдобаевдин айтымында, Кара-Суу айылында жамааттык мультимедиялык борборду ачуу менен айыл аймагынын калкынын арасында маалыматтын жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу менен мектеп окуучулардын бош убактысын туура пайдалануу.
«Келечекте журналист болууну каалагандарга шыгына шык кошуп шыктандыруу», — деп билдирди Молдобаев. Жамааттык мультимедияга иштөө үчүн, мектеп окуучуларынан төрт окуучу тандалып алынды. Андан сырткары борбордун координатору Мааметова Анара жана техникалык ыктыярчы Суранбеков Белек иштей баштады. Мындан ары Кара-Суу жана Табылгыты айылдарынын жашоочуларына көйгөйлөрүн айтуу мүмкүнчүлүгү түзүлүп, жергиликтүү жана өлкөдөгү маанилүү кабарлар менен камсыз болуп турат.
Даярдаган: Анара Мааметова