Тренинг Ош шаарында 17-18-апрелде өттү. Ага катышкан журналисттер адам укутары боюнча маселелерди эл аралык талаптарда чагылдыруу боюнча окутуудан өтүштү. Бул туурасында Үч-Коргон жамааттык мультимедиа борборунун жетекчиси Атабек Арипов билдирди.
Аталган тренинг Абдумомун Мамараимов тарабынан өткөрүлдү. 18-апрель тренингдин жыйнтыктоочу күнү болду. Анда катышуучулар командаларга бөлүнүп, адам укуктары боюнча маселерди изилдеп табуу жана чогулган жаңылыктарды өздөрүнүн сайттарына жайгаштыруу тапшырмасы берилген.Төрт топко бөлүнгөн тараптар адам укуктары боюнча көйгөйлөрдү издеп табышты жана жаңылыктарды жазышты. Эң мыкты жаңылык жазган топко акчалай сыйлык каралган. Мындай тренинг жана семинарлар журналистер үчүн өзүнүн жемишин бербей койбойт.
Үч-Коргон мультимедиялык борборунун жетекчиси Атабек Арипов “Тренинг мыкты денгээлде өткөрүлдү менин ушул күнгө чейин журналистика боюнча алган билимдериме толуктоо киргизе алды деген ойдомун” , — деген пикири менен бөлүштү.
“Бул тренингде ал журналистиканын адам укуктары боюнча мамлекеттик деңгээлде кандай чагылдырууну үйрөнүп алдым. Тренингде активдүү катышкандыгым үчүн сертификат менен сыйландым” , — дейт ал.
Даярдаган: Гулиза Жээнбаева.
Сүрөттүн автору: Арипов Атабек
“Клооптун журналистика мектебине катышуу үчүн сынакка”