Тасма айылындагы А. Сопиев атындагы №19 жалпы орто билим берүү мектебинде химия сабагы боюнча семинар болуп өттү. Бул семинарга Түп району боюнча химия сабагын берген 20 мугалим келип катышты. Семинардын максаты, «Химия сабагын берүүдө иннвациялык технологияларды колдонуу боюнча тажрыйба алмашуу».
Аталган мектептин окуу-тарбия боюнча завуч Кундуз Шалтабаева бул тажрыйба алмашуу мугалимдер үчүн пайдалуу болоорун жана алар бири-биринин сабагына катышышып анализ беришерин айтты.
«Мындай предметтик семинарлар район ичинде мектептер арасында дайыма болуп турат. Кыргыз тили боюнча бир мектепте, орус тил боюнча башка мектепте жана башка сабактардан семинарлар уюштурулуп келет. Быйыл биздин мектепте химия сабагы боюнча болду, бул семинарда мугалимдер предмет боюнча жанылыктарды, жаңы методдор менен эң негизгиси тажрыйба алмашышат», — деп билдирди Кундуз Шалтабаева.
Мектептин химия сабагынан окуткан мугалими Венера Жаманакова 11- класстар менен «Минералдык жана органикалык жер семирткичтер» деген темада ачык сабак өтүштү. Бул туралуу ал төмөнкүлөрдү билдирди.
«Семинардын максаты тажрыйба алмашуу болчу. Мен 11-класстар менен ачык сабак өттүм. Сабакта интерактивдүү методдор колдонулду, жергиликтүү материалдардан жер шаарындагы топурактарга изилдөө иштери жүрдү. Практика жүзүндө дагы түшүндүрүлдү», — деп билдирди Венера Жаманокова.
Долон айылынан келген химия мугалими Мамбетова Ася бүгүнкү семинарда өзү билбеген нерселерди үйрөнгөнүн жана кызыктуу болгонун билдирди.
«Бүгүнкү семинар өтө пайдалуу болду, себеби ушул учурдун талабына ылайык ар түрдүү жаңы технологияларды пайдалана билүү — биздин негизги максатыбыз. Венера эжейдин сабагы жакшы болду, топтор менен иштегенде балдарды ынтамакка чакырганы жакты. Балдар менен болгон мамилеси да жакты эн негизги сабактын багыты жакшы экен», — деп билдирди.
Ушунай тажрыйба алмашуулар тез-тезден уюштурулуп турса мугалимдерге жакшы болмок.
Даярдаган: Айгерим Кубатбекова