Куу-Майдан айылына келин болуп келген Албина Рахманбердиева туурасында сөз кылмакчыбыз.
Албина үй-бүлөөсү менен кол күрөшү боюнча көптөгөн мелдештерге катышып келе жатат.
Жаштайынан спорттун ушул туру менен машыгып бир топ жетишкендиктерге жеткенин айтат.Алтын, коло, күмүш жана башка ушул сыяктуу медалдарды утуп бул жагы Баткенге, ал эми бул жагы Бишкек Ысык-Көлгө чейин мелдештерге катышып жатат. Эки жолу 1-орунду ээлеп андан кийин 2, 3-орундарды багындырып бир эле Куу-Майданды эмес Ош облусунун намысын коргоп, биздин эркектерибизден калышпай, ар дайым Куу-Майданга жеңиш менен кайтып келүүдө.
Албина жакында кол күрөшү боюнча Ош облусунун атынан үй-бүлөсү менен Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көл жергесине жолдомо алышты. Буйруса алдыңкы орундарды багындырып келет деген чоң ишеничтебиз.
Учурда Албина эки эгиз кыздын, бир уулдун татыктуу апасы жана Нургазы акенин сүйүктүү жары.
Албина менен Куу-майдан эли дайыма сыймыктанып кубанып келишет.
Даярдаган: Жеңишбек Абсатаров