2015-жылдын 11-апрель күнү Токтогул районунун Кызыл-Туу айылынын Мүлкүбат орто мектебине жаңы асма шамдар орнотулду. Анткени эски асма шамдар жарактан чыгып, мектептин коридору караңгы болуп турган.
Мектеп директору Усенканова Айжан: “Буга көмөктөш болгон 1975-жылы Мүлкүбат орто мектебинин бүтүрүүчүсү Конушбаев Нуркамиль мектепке 20 миң сом бөлүп берди. Биз бөлүнгөн акча каражатына 25 даана асма шам алып, мектепке тактык. Азыркы учурда мектеп жаркырап калды. Быйыл 1975-жылкы бүтүрүүчүлөр 40 жылдыгын белгилеп мектепке ушундай белектерди беришти”, — деп билдирди.
Ушул эле мектептин окуучусу Абдыхамитов Кубаныч: “Биздин мектепке ушундай асма шамдар коюлуп калганына Мүлкүбат мектебинин окуучулары эле эмес, Кызыл-Туу айылынын тургундары да сыймыктанышты”, — деп кубануу менен айтты.
Даярдаган: Батырбекова Айдана