Кызыл-Туу айылындагы “Ак элечек байбичелер” коому 2011-жылы түзүлгөн, бул коомдо жалпысынан 15 байбиче бар. Аталган коомдун негизги максаты айылдагы улгайган байбичелерди активдештирип, алардын жан-дүйнөсүн көтөрүү.
Ак элечек байбичелер коомунун төрайымы Алымкулова Мөөркан. Анын айтымында аталган коом бир айда кезектешип шерине өткөрүп турушат. Анда дасторкон чекесинде отуруп илгерки байбичелердин салттарын эскерип, ырдап, бийлеп ырахат алып чер жазышат.
«Биз байбичелер ыр куржунун уюштурганбыз, куржундун ичине нават, чай, кант ж.б. байбичелер жей турган таттууларды салабыз, андан тышкары 3 ак жолук салынат. Куржун биринчи жолу Комсомол айылына тапшырылган» — , деди Алымкулова Мөөркан.
Учурда куржун 6 айыл өкмөтүн кыдырды. Жакында Ак-Тектир айылынын байбичелери концерт уюштуруп, куржунду Торкенге тапшырышты. Концерттин программасы төмөнкүлөрдү камтыйт: илгертен келе жаткан кыргыздын салттарын жаштарга айтып берүү, үйрөтүү, тарбиялык маанидеги үлгүлүү насааттарды даңазалоо.
4 жылдан Ак элечек коому Таластагы Манас ордого, Жалал-Абаддын курорттук жерлерине барып келишкен. Ал эми жакынкы арада Ош шаарындагы касиеттүү жер Сулайман тоого сапар алганы турушат. 2016-жылы боло турган 5 жылдык юбилей тоюна ак элечек байбичелер коому ыр куржунун токтотпой, катуу даярданып жатышыптыр.
Даярдаган: Бектур кызы Бурулай
kasyno automaty