Мындан көп жыл мурда Токтогул шаарчасы археологдордун изилдөөсү боюнча Хайлама же Хайларам деген шаар болгон. Ал убакта бул жерде сактар (уруу) жайгашкан. Ал эми Кызыл-Туу айылы, Токтогул шаарчасынын жанынан орун алган. Ошондуктан айылда бир нече сырлуу жерлер бар.
Сүрөттөгү бул дөңсөөлөр биздин заманга чейинки жашап өткөн сактардын мүрзөлөрү экендиги далилденген. Мындай мүрзөлөр Кызыл-Туу айылынын четинде бир нечеси бар. Археологдор күмбөздөрдү казып ачышканда ичинен көптөгөн алтын-зер буюмдарды табышкан. Азыр бул буюмдардын баары китепке жазылып, Кыргызстандын тарых музейинде сакталып турат.
Сиздер көрүп турган дарак Мазар-Тал деп аталат. Бул жерге оорулуу адамдар келип сыйынышат, ошондой эле балалуу боло албай жүрүшкөн жаш жубайлар да келип шам жагышып Алла Тааладан бала тилешет.
Биз ушундай кооз, сырлуу жерлерибизди сакташыбыз керек. Бул маалыматтар Кызыл-Туу айылынын тургуну Жаныбек Осмонкуловдон алынды.
Даярдаган: Агача Жаныбек кызы