Айылдын айрым тургундарынын билдиришинче токойду керек болуп калганда кыйууга туура келет. Токойчу Эрмек Кудайбергенов өзүнүн ишин күчүнүн жетишинче жүргүзүп жаткандыгын айтат.
Атын атагысы келбеген айылдын тургунунун токой чарбасына таандык бактарды кыйып жатканына күбө болдук. Эмне себептен кыйып жатканын сураганыбызда, суук түшүп кыш келгенде көмүрдү сарамжал колдонуш үчүн кошумча отун жагууга туура келет дейт.
“Көмүр аласың бирок барибир деле отун жагасың да. Кээде көмүр түгөнүп калат, үйдө муздак отура албайсың да?! Мына ошондо алабыз, биз деле жөн эле жыргаганыбыздан кыйбайбыз да”,-деп түшүндурдү.
Токойчу Эрмек Кудайбергенов күндө түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токойдун айланасына атайын белгилерди илип чыгат.
Төрт айыл курчап турган токойдун аянты 600 гектар. Анын баарын бир күндө кыдырып текшерүүгө жетише албастыгын белгилеп өттү токойчу.
Токтоян айылынын тургуну Кемел Эмил уулунун пикиринде, токой азыркы учурда оор абалда калып, отундар кыйылып жатат.
“Токойдо суу отундарды кыйып, эшектерге толтуруп жүктөп кетет. Мурун токой көп болчу. Азыр болсо токой азайып баратат”,-деп айтты айыл жашоочусу Кемел.
Жыл сайын жазында токойду өнүктүрүү үчүн мектеп окуучуларынын катышуусунда көчөт отургузуу иш чарасы өткөрүлөт.
Токойдон кыйылган төрт сантиметр тал үчүн 380 сом айып салынат.
Андан сырткары токойду өнүктүрүү үчүн “Жайка” долбоору менен жашылдандыруу-өстүрүү иш-чарасы беш жылдан бери алып барылууда. Анын алкагында токойго көчөттөр отургузулууда, деп кошумчалады Эрмек Кудайбергенов.
Автор: Жеңиш Таштанбек уулу