Айылдын бир тургуну мындан беш жыл мурда Орусияга барып эмгек акысын ала албай келсе, башка дагы бир жашоочусу жакшы акча таап келген.
Тынчтыкгүл Рысалиева чет өлкөгө барып иштеп келген.
«Россияга барганда башында кыйналдым. Ал жерде жүрүп өз өлкөмдү аябай сагындым. Туугандарымдын жанына барып, сатуучу болуп иштедим»,-деди Рысалиева.
Токтояндын дагы бир тургуну Талант Самаков Орусиядан оор күндөрдү өткөргөнүн төмөнкүдөй баяндап берди.
«Мен Орусияга барганда көп кыйынчылктарды көрдүм. Курулушта иштеп эмгек акымды ала албай өлкөмө кайтууга туура келди»,-деп айтып берди Самаков.
Автор: Нуркыз Рысалиева, Элмира Бакыт кызы